16.04.2018 09:20
Ош базарындагы өрттөн 5 миң 412 чарчы метр аянт жабыркаган
Ош базарынын “Берекет” соода комплексинде 13-апрелге караган түнү чыккан өрттөн 5 миң 412 чарчы метр аянт өрттөнгөн. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Келтирилген чыгым жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Атайылап өрт коюлган деген божомол да каралып жатат. Өрт чыккан жерде 14 өрт өчүрүүчү бригада, Бишкексууканалынан 2, “Тазалык” ишканасынан 2 суу ташуучу унаа иштеген.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: